Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Казак жараны кыргыз депутатын рейдерлик үчүн айыптады


Кошшыбай Кожаков ысымдуу казак жараны Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Болот Шерди рейдерлик үчүн бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында айыптады. Кезинде Кыргызстанда туулуп-өсүп жана анын жараны болгонун айткан Кожаковдун ырастоосунда, ал 1990-жылдары Болот Шер менен ишкер өнөктөш катары биргелешкен ишкана түзүп, ага 253 миң АКШ долларын сарптаган.

Бирок кийинчерээк бизнестеги өз үлүшүн Болот Шердин коркутуп-үркүтүүлөрүнүн аркасында ага берүүгө жана Казакстанга кетүүгө аргасыз болгон.

Казак жараны бул маселе боюнча эми кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге да кайрылып жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш депутаты Болот Шер казакстандык Кошшыбай Кожаковдун айыптоосуна азырынча жооп кайтара элек. (UE)

XS
SM
MD
LG