Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Кумтөр меморандуму боюнча коомдук угуу өтөт


Бүгүн Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен макулдашуу боюнча коомдук угуу өткөрөт. Кыргыз Улуттук филармониясында өтө турган коомдук угууга саясий партиялардын, бейөкмөт жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат. Катышуучулардын суроолоруна премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү жооп бермекчи.

Өткөн аптада өкмөт менен “Центерра Голд” "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол койгон. Ага ылайык, тараптар биргелешкен ишкана түзүп, анда ар бири 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болууну сунуштаган. Ишканага Кыргызстандын өкүлдөрү жетекчилик кылмакчы. Учурда аталган меморандум Жогорку Кеңештин кароосунда турат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG