Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

Укук коргоочулар: мыйзам долбоору көчүрүлгөн


Мындай билдирүүнү шаршембиде Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши таратты.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган мыйзамдан сөзмө-сөз көчүрүлгөнү айтылган.

Укук коргоочулар депутаттарды айыптап, жарандар төлөгөн салыктын негизинде иштеп жатканына карабай мындай ишке барганы үчүн аларды чет элдик тыңчы катары таанууга чакырып жатышат. Буга кошумча алар Турсунбай Бакир уулун акыйкатчы болуп иштеп турганда бир катар эл аралык уюмдардан жардам алганын эске салган.

Аталган депутаттар чет жерден каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарды "чет элдик тыңчы" деп табуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Турсунбай Бакир уулу бул мыйзам долбоорун алып чыгууга бейөкмөт уюмдардын саясатка аралашып жатканы себеп болгонун билдирген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG