Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Иран: саясий айыпкерлерди бошотууну укук коргоочулар кубаттады


Иранда ондон ашык саясий айыпкер саналган адамдын түрмөдөн бошотулду. Эркиндикке чыккандардын көпчүлүгү аял укук коргоочулар. Алардын арасында белгилүү укук коргоочу, адвокат Насрин Сотоуде жана саясатчы Мохсен Аминзаде да бар. Алар Иранда саясий ишмерлерге тагылчу "улуттук коопсуздукка каршы аракеттенген" деген айып менен камалып, жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан.

Саясий айыпкерлерди бошотуу Иран президенти Хасан Роуханинин кийинки аптадагы БУУнун Жогорку Ассемблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко сапарына туш келди. Муну укук коргоо уюмдары Роуханинин өлкөдө байистүү саясат жүргүзүү убадасын аткаруу же БУУнун жыйыны алдындагы ишараты катары кабыл алышууда.

XS
SM
MD
LG