Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Сууга чөккөн адам изделүүдө


Чоң Чүй каналына 17-сентябрь күнү чөгүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашты.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун тургуну, 34 жаштагы Саламат Асанбеков Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын аймагында түшкө жуук сууга агып кеткен. Издөө иштерин 7 куткаруучу жүргүзүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда 80 адам сууга чөгүп каза болгон. Чөгүп кеткендердин 21и жаш балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG