Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

Ок жеген Тажибай Эралиев каза болду


Өз үйүндө кылмышкерлердин огунан жабыркаган Тажибай Эралиев 18-сентябрь күнү кечинде Бишкектеги Улуттук госпиталда каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. Учурда маркумдун денеси экспертизалык текшерүүдөн өтүп жатат. Сөөгү бүгүн туугандарына берилет.

5-сентябрдын түнү Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөнү атып кетишкен. Атылган октон үй ээси Тажибай Эралиевдин 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси жан берген. Жаагына ок тийген Тажибай Эралиевге ооруканада операция жасалган.

Кылмышка шектелип ошол айылдын 20-22 жаштагы эки жараны кармалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG