Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Борбор Азиядагы эң көп диний окуу жайлар Кыргызстанда


Кыргызстанда 91 диний билим берүүчү мекемелер бар. Бул Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде эң алдыңкы орунда дегенди түшүндүрөт.

Мындай маалыматты бүгүн Жогорку Кеңеште «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев "Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштап жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 75 ислам, 16 христиан конфессиялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 4 ислам институту 35 медресе, 1 чиркөө мектеби каттоодон өткөн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 6 ислам институту, 30 медресе, 8 христиан мектеби жана 7 орто окуу жайы иштейт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG