Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Президент кыргыз тилин коргош керектигин айтты


Белгия сапарын жыйынтыктап жатып Алмазбек Атамбаев журналисттерге берген интервьюсунда кыргыз тили өлкөдө корголууга муктаждыгын белгиледи:

"Мен кыргыз тили тууралуу мыйзамга вето койгонум менен, кыргыз тили өлкөдө коргоого муктаж. Бул тууралуу Еврошаркетте жолугушууда да айттым жана кырдаалды түшүндүрдүм” – деди Атамбаев.

Июнь айында президент Атамбаев тил саясаты боюнча иштей турган топ түзгөн. Мындан ары кыргыз тилин өнүктүрүүгө мамлекет акчасын аябай турганын айткан. Андан мурдараак Алмазбек Атамбаев парламент иштеп чыккан “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу үчүн парламентке кайтарып берген. Президент бейөкмөт уюмдарды "чет элдик тыңчы" деп табуу боюнча мыйзам долбооруна каршы экенин да айтты. (BaZ\SE)

XS
SM
MD
LG