Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүк кармалды


Чек ара кызматы Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктү колго түшүрдү. Жалпы суммасы 100 миң сомдук 25 даана телевизорду белгисиз кишилер Ош облусунун Жогору Кашар айылынан коңшу өлкөгө алып өтүүнү пландаган.

Кыргыз аскерлери аны алып бараткандарды токтоткон учурда чек араны кесип өтүп, Өзбекстанга кирип кетишкен. Жүктөр Кыргызстандын аймагында калып калган.

Тийиштүү документтер түзүлгөндөн кийин телевизорлор Ош облустук бажы кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн маалымдашты. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG