Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Иран атомдук курал жасабайт


Ирандын президенти Хасан Роухани анын өкмөтү эч качан атомдук куралдарды иштеп чыгарбай турганын билдирди:

“Биз бир нече жолу айтканбыз. Дагы кайталайм, биз эч качан, эч кандай шартта массалык кыргын жасаоочу куралдарды, анын ичинде атомдук куралды, жасаган эмеспиз, жасабайбыз дагы”,- деди Роухани.

Ал Батыш менен талаштуу атомдук программа боюнча сүйлөшүүлөргө толук укугу бар экенин билдирди. АКШнын “Эн-Би-Си” телеканалына сүйлөп жатып, президент Роухани АКШ президенти Барак Обамадан “жакшы жана конструктивдүү кат” алганын маалымдады. Ал катта Обама Роуханини шайланышы менен куттуктаган.
Бул интервью Иран президенти Хасан Роуханинин кийинки аптада Бириккен улуттар уюмунун Жогорку ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко сапарына туш келди. Вашингтон Обама менен Роухани эч кандай жолугушуу пландаган эмес деп айтты.

Акыркы ирет АКШ жана Иран 1977-жылы расмий сүйлөшүү өткөргөн. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG