Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Турсунбек Акун ачкачылыкты улантууда


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ачкачылык акциясын улантууда. Ден соолугу азырынча канааттандырарлык экенин бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Өзүн начар сезген учурда дарыгерлерди чакырып, текшерүүдөн өтүп жатат.

Ал өзүн мыйзамсыз жумуштан бошотулганын айтып,16-сентбярда ачкачылыкты баштаган. Иш бөлмөсүндө төрт күндөн бери суу гана ичип отурат.

Акун Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишине тиешеси бар делген жогорку кызматтагы адамдар 20-сентябрга чейин жоопко тартылышын, ал аткарылбаса, өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылууда.

Парламент криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишинен улам жайкы эс алууга кетээр алдында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко берген. (SE)

XS
SM
MD
LG