Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

НАТО башчысы Роуханинин сөзүн колдоду


НАТОнун төрагасы Андерс Фог Расмуссен Иран президенти Хасан Роуханинин “атомдук куралды өнүктүрбөйбүз” деген сөзүн кубаттады.

“Эл аралык коомчулук менен катташуу Ирандын өзүнүн эле кызыкчылыгында”,- деп Брюсселде маалымдады.

Буга чейин Иран президенти Хасан Роухани анын өкмөтү эч качан атомдук куралдарды иштеп чыгарбай турганын билдирген. Ал Батыш менен талаштуу атомдук программа боюнча сүйлөшүүлөргө толук укугу бар экенин айткан. АКШнын “Эн-Би-Си” телеканалына сүйлөп жатып, президент Роухани АКШ президенти Барак Обамадан “жакшы жана конструктивдүү кат” алганын маалымдады. Ал катта Обама Роуханини шайланышы менен куттуктаган. (BAz)

XS
SM
MD
LG