Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Ооганстанда полицияга чабуул жасалды


Талиптер Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан провинциясында полиция кызматкерлери бараткан унааларга чабуул жасады. Провинциянын губернаторунун орун басары Мохаммад Байдар маалымдагандай, 20 полициячы мерт кетип, 12си жаракат алган. Талиптер да чоң жоготууга дуушар болгонун да Байдар кошумчалады.

Ал эми талиптер 25 өкмөттүк аскерди өлтүрүп, 12 аскерди бармтага алганын жар салды. Ооганстандын Ички иштер министрлиги бул маалыматты толугу менен төгүндөдү.

Бадахшандын Вардож аймагында талиптерди жана алардын өнөктөштөрүн жок кылуу операциясы жүрүп жатат. Анын максаты провинцияда тынчтыкты орнотуу.(BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG