Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Шаардык сотто Түлеевдин арызы каралат


Бишкек шаардык соту бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин доо арызын карай баштайт. Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” кабарлады.

Бишкектин Ленин райондук соту борбор калаанын мурдагы мэри, Жогорку Кеңеш депутаты Нариман Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. Сот экс-мэрди Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деп тапкан. Ошондой эле Түлеев менен кошо мэриянын 5 кызматкерине да айып тагылып, 5-10-13 жылга чейин эркинен ажыратылган эле. Нариман Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG