Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Турсунбек Акундун арызы сотто каралат


Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Турсунбек Акундун арызы каралат. Анда Акун Жогорку Кеңештин акыйкатчылыктан бошотуу боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн. Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту Турсунбек Акундун арызын канааттандырган эмес. Буга нааразы болгон Акун ачкачылык жарыялаган.

Ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушуна катышы бар деп акыйкатчылыктан бошоткон. Бул орунга сынак жарыяланып, 50дөн ашык талапкер катталган. Жогорку Кеңеш жаңы акыйкатчыны шайлоону кийинки аптада караганы жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG