Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Путин: Чайковский гей болсо болгондур


Улуу орус композитору Пётр Чайковский тууралуу тартыла элек тасма Орусияда чоң чуу жаратты. Пётр Ильичтин өмүрү тууралуу фильмде композитордун жеке турмушу чагылдырылат. Сценарийде Чайковскийди режиссёр Кирилл Серебренников кумса катары сыпаттаганы үчүн өкмөттүк кинофонд каржылоодон баш тартты. Талкууга президент Владимир Путин өзү да аралашты.

- Пётр Ильич Чайковский гомосексуалист болгон дешет. Бирок биз аны кумсалыгы үчүн эмес, ал жараткан музыкасы үчүн жакшы көрөбүз. Баарыбыз анын музыкасын сүйөбүз. Болсо болгондур. Чымындан пил жасоонун кажети жок,- деди Путин.

Эки ай мурда Орусиянын Маданият министрлиги тасмага 30 миллион рубл бөлүп берген. Ал фильмдин бюджетинин 10 гана пайызы. Орусияда гомосексуализмди жашы жете электерге пропагандалоо мыйзамынын алкагында көптөгөн мультфильмдерди жана тасмаларды теледен көрсөтүүгө тыюу салынган. Алардын ичинде белгилүү “Чебурашка” жана “Ну, погоди!” да бар.(BAz)

XS
SM
MD
LG