Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Ачкачылыкка чыккандар өкмөткө нааразы болууда


Беш күндөн бери Токмокто ачкачылык жарыялап отурган беш жигит өкмөт өкүлдөрүнөн эч ким алардан кабар албаганына нааразы болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” акциянын уюштуруучусу Жеңиш Молдокматов билдирди.

16-сентябрь күнү ачкачылыкты баштагандар апрель окуясында ок тийип, бир топ убакыттан соң каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышууда. Бардыгы "Кыргызстан жаштар кеңеши" уюмунун мүчөлөрү. Алар ачкачылыкты маркумдун үйүндө улантып жатышат. Өкмөт өкүлдөрү келип, маселени чечмейинче акцияны токтотпой турганын айтышкан.

Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, учурда акциянын катышуучуларынын талаптарына байланыштуу тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG