Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Жаза аткаруу кызматы кыргыз тилин талкуулайт


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратында бүгүн кыргыз тилинин азыркы абалына арналган талкуу өтөт. Иш-чарага мамлекеттик тил комиссиясынын адистери, тилчилер жана маданият кызматкерлери чакырылган. Негизинен иш кагаздарын кыргызчалоо боюнча сунуштар айтылып, аны ишке ашыруу пландары талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу кызматында иш кагаздар негизинен орус тилинде жүргүзүлөт. Аларды кыргызчалоо демилгеси соңку мезгилде жандана баштаган. Бул үчүн мекемеге тил боюнча адис талап кылынаарын ал жерде иштеген кызматкерлер белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG