Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

"Ата Мекен" Кумтөр меморандумун колдогон жок


Парламентте кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен болгон талкууда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Кумтөр меморандумун колдобой тургандыгын билдиришти. Алар бул чечимди меморандумда Кыргызстандын кызыкчылыгы толук корголбой калганы менен негиздешүүдө.

Бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт өкүлдөрү фракция депутаттары менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр меморандумун талкуулаган.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” Кумтөр кенин бергелешип иштетүү боюнча меморандумду өткөн аптада сунуштаган. Ага ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Бирок айрым саясий топтор бул келишимди сынга алып, Кыргызстан мындан да көп үлүшкө ээ болушу керектигин билдиришүүдө. Мындай позицияны “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев колдогон. (SE)

XS
SM
MD
LG