Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

Кыргыз тили: өзүң билбесең, өзгө сыйлабайт


23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. Бул күнгө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ошого карабай кыргыз тили өнүкпөй жатат, өзгөчө шаарларда сүйлөнбөй калды дегендер арбын.

"Арай көз чарай" талкуусуна жапониялык Нагаяма Кеоко, америкалык Арон Мидлонг жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аалы Молдоканов катышты.

“Азаттык”: Кыргыз тилин канча убакытта, кантип үйрөнүп калгансыз?

Нагаяма Кеоко: Мен бул жакка келгенден мурда кыргыз тилин Жапонияда эки ай окудум. Бишкекке келгенде бир ай окудум. Анан Нарында айылда сүйлөшүп жүрүп да үйрөнүп кеттим.

Арон Мидлонг: Мен кыргыз тилин Америкадан келгенде эки айда үйрөндүм. Кантта мугалим менен иштедим. Кийин Ак-Талаага барып келгенде күн сайын практика болуп үйрөнүп калдым.

“Азаттык”: Тил үйрөнүүдө эмнеден кыйналдыңыздар?

Арон Мидлонг: Айрым сөздөрдүн айтылышынан. Ө, ү деген тамгалар жок англисчеде. Ошол кыйын болду. Китеп табууда кыйналган жокмун. Тынчтык корпусунан беришти, китеп, сөздүктү. Андан сырткары күндө практика кылып жаттым.

Нагаяма Кеоко: Башында биз да сөз жаттадык. Мага да р, л деген тамгалар жана ы тамгасын айтканда кыйын болуп атат. Андан сырткары сиз жана сен деп бөлүп сүйлөбөйбүз. Кээде ушундан адашабыз. Кичүүлөргө сен десек, кайра улууларды деле сен алып жүрдүк.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:24:49 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Азыр бир катар кыргыз тили курстары ачылып, шаардыктар балдарын кыргыз мектептерге берген тенденция бар экен. Кыргыз тилин үйрөнгүсү келгендер көбөйдү деген чынбы?

Аалы Молдоканов: Бир агым башталып жатат. Мамлекеттин башчысы өзү белсенип киришкендей. Жарлыгын чыгарды, көзөмөлдөп атат. Күн алыс жыйнап анын жолун издеп, аракет жасап жатат. Жакшы майнап чыгып кетсе деген үмүттө турабыз. Ал үчүн өз тилине, улутуна болгон кайдыгерликтен чыгышыбыз керек. Анын үстүнө тентип, тепшип сыртта жүргөндөрдү да ойлошубуз керек.

Акча деле баарын чечип бербейт. Окуу куралдары, мугалимдер жок, методикалык көрсөтмөлөрдүн сапаты начар деп жөн эле айта беришет. Ал багытта иштеп жаткандар толтура. Үйрөнөм дегендер биздин элди, биздин салтты, элибиздин жөнөкөйлүгүн, карапайымдыгын сүйүп, бат эле үйрөнүп жатышат. Ал эми арабызда жүргөндөрдүн бардыгы башкача көнүп калган, андан өзүбүз да чыга албай бечаранын абалында жүрөбүз. Өзүбүз кичине тыңымайын, өзүбүздүн улуу улут экенибизди сезмейин башкалар да бизди сыйлабайт.
XS
SM
MD
LG