Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Төрөткана терезесинен секирген аялдын абалы оор


Бишкектеги төрөткананын 3-кабатынан секирген 32 жаштагы айым реанимацияда жатат. Абалы оор. Эмне себептен жанын кыюуга аракеттенгени иликтенүүдө.
Окуя бүгүн эртең менен саат 6да Республикалык эне жана баланы коргоо борборуна караштуу клиникалык төрөтканада болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламатыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айым төрөтканага Ысык-Көл облусунан 16-сентябрда келген. Анын ымыркайы оор абалда балдар реанимациясында дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG