Ош шаарында Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү делген 45 жаштагы Б.Т. кармалды. Милиция кызматкерлери аны 19-сентябрда колго түшүргөнүн шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал колго түшкөн учурда чөнтөгүнөн 5 грамм маңзат чыккан.
Акыркы жумада уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү делген 6 адам кармалды. ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Быйылкы жылдын 8 айында алардын 89 мүчөсү колго түшкөн. (SE)
Акыркы жумада уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү делген 6 адам кармалды. ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Быйылкы жылдын 8 айында алардын 89 мүчөсү колго түшкөн. (SE)