Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Сирия химиялык куралы боюнча маалыматтарды бере баштады


Дамасктан химиялык куралынын чоо-жайы тууралуу маалыматтардын бир бөлүгүн алганын жана алдыда дагы күтүп жатканын Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм билдирди.

Аталган уюмдун баш кеңсеси Гаага шаарында жайгашкан. Дамаск ага маалыматтарды АКШ менен Орусиянын Сириянын химиялык куралына эл аралык көзөмөл орнотууну караган планынын талаптарына ылайык берүүдө.

Президент Башар Асаддын режиминде 1000 тоннадай химиялык зат бар деп болжолдонот. Сирия бийлиги аларды жок кылууга АКШнын аскерий соккусун алдын алуу үчүн аргасыз көнгөн.

Химиялык куралга тыюу салуу уюму бүгүн АКШ - Орусия планын талкуулоо боюнча жекшембиге мерчемдеген жыйынын токтотконун да маалымдады.

Дипломатиялык булактардын айтымында, аталган жыйында талкуулануучу документтин долбоору АКШ жана Орусия тарабынан азырынча макулдашылган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG