Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Фридом Хаус "Бир дүйнө" фестивалындагы окуяны чагым деп атады


Уюм өз билдирүүсүндө Азимжан Аскаров тууралуу даректүү тасманын көрсөтүлүүсүнө каршы уюштурулган акцияны чагымчыл деп баалап, кыргыз өкмөтүн жана коомчулукту буга көңүл бурууга чакырган. Ошондой эле кыргыз бийлигин жарандардын пикирин эркин билдирүү укугун коргоп берүүгө, Азимжан Аскаров тууралуу тасманын көрсөтүлүүсүн жана талкууланышын жокко чыгаруучу ар кандай аракеттерди алдын алууга чакырган.

2010-жылкы июнь коогалаңына катышы бар деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу тасманы “Фридом хаус” уюму тартып, “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына сунуштаган. Аталган тасма фестивалдын алкагында Бишкекте 21-сентябрда көрсөтүлөт. 19-сентябрь күнү бир нече аялдан турган топ бул тасма “коомду бузат” деген чакырык менен анын көрсөтүлүүсүнө каршылык билдирип чыгышкан.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы Базар-Коргон районунда улуттар аралык чатакты козутуп, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мыктыбек Сулаймановду жана дагы 24 кишини өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Укук коргоочу өзүнө тагылган айыптар менен макул эместигин билдирип келет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG