Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Аба ырайы: Тоолорго кар түшөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 22-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28 градус ысыйт. Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27 градус ысык болот. Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31 градуска көтөрүлөт. Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33 градус ысык болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23 градус жылыйт. Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 19...24 градус жылуу болот. Тоолордо болсо абанын температурасы түнкүсүн -3...-8 градуска төмөндөп, күндүз 4...9 градуска көтөрүлөт.

22-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 23...25 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG