Германияда эртең парламенттик шайлоо болот. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, канцлер Ангела Меркелдин Христиан-демократтар партиясы добуштардын көбүн жеңе алат. Бирок анын коалиция боюнча өнөктөшү Эркин демократтар 5 проценттик тосмодон өтө албай калышы ыктымал. Андай болсо, Меркелге оппозициядагы Жашылдар партиясы же Социал-демократтар менен сүйлөшүүгө барууга туура келчүдөй.
Ишембиде Берлинде чогулган жактоочуларына кайрылган канцлер ага “ишенимдүү мандат” берүүгө үндөдү. Меркел үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышууда. Европанын ири экономикасы болгон Германиядагы шайлоого евромейкиндиктеги өлкөлөр жакындан байкоо салышууда.