Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Күйүүчү майдын баасы көтөрүлүүдө


Экономика министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнү Бишкекте, Ысык-Көл жана Нарын облустарында сатылып жаткан күйүүчү майдын баасы бир ай мурдагыдан 80 тыйын - бир сомго кымбат. Баалар негизинен Аи-92 жана Аи-80 маркасындагы бензинге кымбаттоодо, ал эми дизелдик күйүүчү майдын баасында азырынча өзгөрүү жок. Министрликтин маалыматы боюнча 12-сентябрда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 37 сом 60 тыйын, Аи-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 31 сом 60 тыйын болсо, 19-сентябрда экөө тең 60 тыйынга кымбаттаган.
Акыркы эки күндөн бери күйүүчү майдын баасы дагы өстү, Бишкекте Аи-92 бензиндин литри Жалал-Абат, Ош облустарында 41 сом 90 тыйынга чыкканы айтылууда, Бишкекте болсо 39 сом турат. Аи-80 маркасындагы бензиндин литри түштүк облустарда 34 сом 90 тыйынга чыкты.
Кыргызстандагы “Нефтретрейдерлер” ассоциациясы сентябрдын аягында күйүүчү майдын баасы өсөт деген божомолун ай башында эле берген. Маалыматтарга караганда кымбаттоо Омскидеги мунай заводундагы баалардын өскөнүнө байланыштуу.
Кыргызстандагы күйүүчү май рыногунда “Газпромнефть Азия” компаниясы монополист болуп эсептелет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG