Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Араванда бала бакчалары менен мектептерге эмерек берилди


Райондогу беш бала бакчага жана эки орто мектепке окуу эмеректери жана башка жабдыктар Жапон өкмөтү тарабынан берилди. Жапониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэнин маалыматы боюнча бала бакчаларга жана мектептерге берилген жабдуулар 5,5 млн. сомго сатылып алынган. Араван районунун акими Шамил Артыковдун айтуусунда беш бала бакчада жана эки орто мектептерде эмеректер жана окуу жабдыктары эскирип, колдонуудан чыгып калгандыктан, райондук жетекчилик аны жаңыртуусун өтүнүп, өкмөткө кайрылган. Натыйжада Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев Жапон өкмөтүнүн гранттык жардамын алууга көмөктөштү дейт райондун акими.

Араван районунда 34 бала бакча, 51 орто мектеп бар. Райондун жалпы калкынын саны 106 134 киши.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG