Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Найробидеги соода борборунда мерт кеткендер саны 39га жетти


Кениянын баш калаасы Найроби шаарындагы соода борборундагы террордук кол салууда расмий маалыматтар боюнча 39 киши набыт болду, куралчан адамдардын кол салуусунан 300дөн ашык киши жаракат алды. Медициналык мекемелерде кан жетишпей жатканы кабарланууда. Окуя ишембиде “Вестгейт” деген борбордо болгон.
Жаракат алгандардын арасында төрт америкалык жаран бар, АКШ өкүлүнүн маалыматы боюнча ЮСАИД кызматкеринин аялы каза тапкан. Ошондой эле набыт болгондордун ичинде Канадалык эки, Франциянын эки жараны бар экени айтылууда. Франциянын президенти Франсуа Олланд бул окуяны “эң коркок кол салуу” деп баалап, өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтты.
Соода борборундагы террактты “Ал-шабааб” террордук тобу жасаганын моюндап, бул – кениялык аскерлердин Сомалидеги операцияларга катышканы үчүн жооп деп билдирди
Буга чейин кениялык контингенттин кошуна Сомалиге жиберилишине каршы болгон “Ал-Шабааб” уюму соода борборуна чабуул койорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG