Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Бушер станциясы Ирандын карамагына өтүүдө


Иран эртеңден баштап орустар курган Бушер атомдук станциясын өз карамагына өткөрүп алмакчы. Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи бул тууралуу бүгүн жарыялады. Эки жыл орусиялык адистер станциядагы ишин уланта беришет. Энергоблокту өткөрүү салтанатына Орусиянын расмий өкүлдөрү да катышмакчы. Бушер 1970-жылдары Германиянын “Симменс” компаниясы тарабынан салына баштаган. Бирок 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин немис адистери өлкөдөн чыгып кетип, курулуш токтоп калган. 1994-жылы Орусия долбоорду аяктоого жана станцияны суюк отун менен камсыздоого макул болгон. Ишкана 2011-жылы салынып бүтүп, быйыл жыл башында толук кубатына жеткирилген. Салехинин айтымында, Бушердин экинчи реакторун куруу боюнча Москва менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө жана иш жакынкы күндөрү башталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG