Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Лавров Батышты "шантаж" үчүн сындады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрү Сириядагы кризиске “ашыкча саясатташкан мамиле кылууда” деп сындады. Орусиянын Биринчи каналына берген интервьюда министр Батыш Сириянын президенти Башар Асадды кулатуу менен Жакынкы Чыгышта “ким чечим кабыл алаарын” көргөзгүсү келет деди. Лавровдун пикиринде, АКШ Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдобосо, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм менен кызматташпасын айтып, “шантажга” барууда. Министр уюм Сирия боюнча билдирүү жасамайынча, резолюция тууралуу сөз болбойт деп АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри менен макулдашылганын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG