Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Пешавардагы жардыруудан 70тен ашык киши набыт болду


Пакистандагы Пешавар шаарында христиан чиркөөсүнүн жанындагы жардыруудан дагы 100дөн ашуун киши жаракат алды, алардын он бири оор абалда экени айтылууда. Расмий маалыматтар боюнча чиркөөдө 600 чамалуу киши сыйынып жаткан учурда эки жанкечти өздөрүн жардырышкан.

Христиандар Пакистан элинин төрт пайыздайын түзөт, алар өлкөдөгү коомдук жана диний турмушта активдүү аралашпайт, бирок кээде исламчылардын чабуулуна тушугуп турушат.

Пешаварда бир жарым миллион киши жашайт, алардын көпчүлүгү пуштундар. Шаар Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва аймагынын борбору болуп саналат.

XS
SM
MD
LG