Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Жол кырсыктарынан эки адам мерт кетти


Кечээ Кыргызстандын аймагында эки жол кырсыгында эки адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун бүгүн билдиргенине караганда, Бишкек - Ош унаа жолунун 222-чакырымында жеңил машинанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бетонду барып сүзгөн. Машинанын ичиндеги эки адам жеңил жараат алып, бир адам каза тапкан. Ал Кара-Кулжа районунун тургуну, 41 жаштагы К.Орунбаева экени аныкталды.

Ал эми Нарындын Кочкор районуна караштуу Шопур-Булак айылындагы унаа кырсыкта айдоочу, Ысык-Көл облусунун 42 жаштагы тургуну К.Касымов мерт кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG