Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

УКМК: "Кыргызтелекомдон" ири сумма акча уурдалган


Улуттук коопсуздук комитети "Кыргызтелеком" ишканасынан ири суммадагы акча уурдалган деген шек менен кылмыш иш козгоду. Аталган мекеменин Коррупцияга каршы кызматынан бүгүн кабарлашкандай, 2010-жылы "Кыргызтелекомго" караштуу Телерадионун радиорелейлик магистралдар ишканасы 24 миллион сомго техникалык жабдуу сатып алган. Бирок сатып алуу боюнча тендер мыйзам бузуу менен жүргүзүлгөн деген шек бар. Кылмыш кодексинин 166 жана 221-беренелеринин (алдамчылык, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон иш УКМКнын Тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG