Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Атамбаев: Үч тилде эркин сүйлөй турган муунду тарбиялоо керек


"Келечекте Кыргызстанда үч тилде - кыргызча, орусча жана дагы бир чет тилде эркин сүйлөй ала турган муунду тарбиялоо максатыбыз бар", - деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев. Ал кыргызстандыктарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Эгемендик жылдары мамлекеттик тилдин тегерегинде көптөгөн саясый чайкоочулук жүрүп, маселе өзгөчө саясатташып кеткенин, айрым саясатчылар тил маселесин жеке кызыкчылыгында пайдаланууга умтулганын айтты. "Мындан ары буга жол берүүгө болбойт. Кыргыз тили мамлекеттик камкордукка алынып, тилибизди өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзөбүз", - деп убада берди.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG