Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Авиакомпаниялар "кара тизмеден" 2014-жылы чыгат


Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Мураталы Токтобеков маалымдады. Борбор Азия авиация маалымат порталы жазгандай, учурда Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгуунун негизги шарттары аткарылган. Укуктук база жөнгө салынып, авиация адистеринин квалификациялары жогорулатылган.

Акыркы алты жылдан бери Кыргызстандын авиакомпанияларына Евробиримдиктин аба мейкиндигине учууга тыюу салынган. Ага чейин Кыргызстандын авиакомпаниялары Бишкектен Лондон, Бирмингем, Франкфурт, Мүнхен, Ганновер, Гамбург, Штуттгарт жана Амстердам өңдүү шаарларга түз учуп турган.

“Кара тизменин” айынан “Эйр Бишкектин” Литванын аба мейкиндиги аркылуу Калининградга өтчү учактары быйыл жайында Евробиримдикке кирген Вильнюс тарабынан токтотулган. (BAz)

XS
SM
MD
LG