Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Пакистанда христиандар жол бууду


Пакистандын тарсалары жекшемби 22-сентябрда болгон чиркөөлөрдөгү кош жардырууга наарызылык билдирүү иретинде көчөлөргө чыкты. Өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарындагы жардыруудан 81 адам мерт кетип, 130 киши жарадар болгон. Дүйшөмбүдө пакистандык христиандар нааразылык иретинде жолдорду бууду.

Рим папасы Франсис Ватиканда зыяпат (богослужение) учурунда:

- Пакистанда натуура тандоо жана жек көрүү чечиминен улам чабуул болуп, 70тен ашык адам каза тапты. Буга биз жөн эле кош көңүл мамиле кыла албайбыз. Жакшы жышаандар аркылуу гана дүйнөдө тынчтык орното алабыз, – деди.

Жардырууларга жоопкерчиликти талибдердин Жануд ал-Хифса кыймылы мойнуна алды. Алардын айтымында, бул жардыруу АКШнын пилотсуз учактарынын өлкөдөгү талибдерди жана ал-Каида мүчөлөрүн өлтүрүүгө өч алуу болду. Пакистандын 180 миллион калкынын эки гана пайызы христиандар.

XS
SM
MD
LG