Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Украина Кытайга ижарага жер берет


Бул тууралуу айрым украин жана кытай массалык маалымат каражаттары кабарлады. Кытайдын Xinjiang Production and Construction Corps (XPCC) Украинанын мамлекеттик KSG Agro айыл чарба компаниясы менен түзгөн келишимге ылайык, Днепропетровск областынан 100 миң гектар жер Кытайга 50 жылга ижарага берилет. Жердин көлөмү 3 милиион гектарга чейин өсөт. Гезиттердин жазганына караганда, бир жылдык ижара акысы 2.6 миллиард АКШ доллары. Ижарага алынган жерде дан эгиндери эгилет жана чочколор багылат.

Украинада жарык көргөн “Киев Пост” гезити муну “болуп көрбөгөндөй чет элдик инвестиция” деп сыпаттады.

Кытайдын ХРСС компаниясы мурдараак Крым автоном республикасы менен дагы бир нече келишимге кол койгон. Алардын бири - жол жана турак-жай салуу жана Керч кысыгына көпүрө куруу. Кытай фирмасы Крымда балык фермаларын өнүктүрүүгө да кызыкдар экенин маалым болду. Бирок бул маалыматтар расмий ырасталган жок.

Кытай Аргентинадан 234 миң гектар жерди ижарага алган. Андан сырткары Австралиядагы эң ири пахта фермасын сатып алган.

XS
SM
MD
LG