Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

ЖК: Батукаевге байланыштуу маселе каралат


Жогорку Кеңеш Батукаевдин бошотулуусуна байланыштуу маселе карайт
Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети Азиз Батукаевдин бошотулуусун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн шарттарын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу ЖК токтомунун аткарылышын карайт. Депутаттардын алдында бул боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берет.

Батукаевдин бошотулуусу боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссия өз корутундусун чыгарып, атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына тиешеси бар делген ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кетсе, Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. Батукаевдин бошотулуусуна байланыштуу маселени вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган өкмөттүк топ да иликтеп жаткан, азырынча анын жыйынтыктары тууралуу маалымат жок.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG