Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Атамбаев Орусиянын президенти Путин менен жолукту


Жолугушуу Сочиде өткөн ЖККУнун саммитинин алкагында болду. Анда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери, ЖККУ алкагында Орусия менен Кыргызстандын биргелешип аракеттенүүсү жана ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда мурда келишилген келишимдердин аткарылып жатканы тууралуу сөз болду.

Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
Атамбаев кечээ ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты. Ал кеңешке төрагалык кылган учурда көрсөткөн көмөгү үчүн бардык кесиптештерине ыраазылык билдирип, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалыкты Орусияга расмий өткөрүп берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG