Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

БУУнун Башкы ассамблеясына Кыргызстан эки резолюция сунуштайт


Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Башкы Ассамблеясында Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алуу жана тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүүсүн кароо тууралуу эки сунуш менен чыгып сүйлөйт.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүндө элге коркунуч туудуруп жаткан көптөгөн радиациялык таштандылар бар, ошондуктан, бул маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, анын алдын алууга көмөктөшүүгө чакыруу негизги максат. Ал эми экинчи резолюцияда тоолуу өлкөлөрдүн социалдык, экономикалык жана экологиялык жактан өнүгүүсүндөгү маселелерге көңүл бурулат.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-отуруму 23-сентябрда Нью-Йоркто башталды.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG