Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:57

Иран: Зариф БУУнун Коопсуздук кеңеши менен жолугат


Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясынын алкагында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлдөрү менен жолугат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кетрин Эштон кабарлады. Анын айтымында Зариф 26-сентябрда Ирандын талаштуу атомдук программасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ирандын президенти Хасан Роухани 22-сентябрда маалымдагандай, атомдук программа боюнча сүйлөшүүлөрдү Зариф жүргүзөт.

АКШ жана бир нече өлкөлөр Иранды атомдук курал өнүктүрүп жатат десе, Тегеран атомдук программасында аскерий элемент жок деп келет. Дал ушул атомдук программага байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга карата төрт ирет санкцияларды кабыл алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG