Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Абдылдаев менен Лавров Нью-Йоркко чогуу жөнөдү


Кыргызстан жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров Нью-Йоркко Сочи шаарынан чогуу жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинен кабарлашты. Кечээ Сочиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммити өткөн. Ага алты өлкөнүн башчылары жана министрлери катышкан. Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясы өз ишин баштоодо. Сессиянын жалпы дебаттарына Кыргызстандын атынан министр Абдылдаев катышып, дүйнөдөгү актуалдуу маселелер боюнча сөз сүйлөйт, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG