Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Төкмө акындар сынагы жыйынтыкталды


"Айтыш" коому өткөргөн төкмө акындар таймашы аяктады. 23-сентябрь - Мамлекеттик кыргыз тил күнүнө карата президенттин колдоосу менен уюштурулган төкмө акындардын республикалык сынагы эки күнгө созулду. Президент Алмазбек Атамбаев 500 миң сом байге койгон бул сынакка 29 акын катышты. Кабарчыбыздын айтымында, Улуттук филармониянын чоң залы кечээ көрүүчүлөргө жык толуп, калыстар тобу 100 миң сомдук баш байгени жаш акын Болот Назаровго ыйгарды. 1-сыйлык 70 миң сомду төкмө Азамат Болгонбаев, 2-орун 50 миң сомду Амантай Кутманалиев жана 3-орун 30 миң сомду Абдылда Нуралиев утуп алышты. (AJ/RK)

XS
SM
MD
LG