Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Мохамед: Найробидеги чабуулга аялдар катышкан


Кениянын тышкы иштер министри Амина Мохамед Найробидеги соода борборуна жасалган чабуулга бир же эки америкалык жана бир британиялык аял катышканын билдирди. Ал арада Кениянын ички иштер министрлиги коопсуздук күчтөрү “Вестгейт” соода борборун өз көзөмөлүнө алганын жарыялады.

Бул тууралуу Кениянын ички иштер министрлиги Твиттер аркылуу кабарлады. Анда “Вестгейт” соода борборунда барымтага алынгандардын бардыгы бошотулду, учурда аскерлер калып калгандарды издеп, кабаттарды текшерип жүрүшөт деп айтылган.

Соода борборуна өткөн ишемби күнү “ал-Шабааб” тобу кол салып, 62 кишини өлтүргөн. 175 адам жаракат алган. Өлгөндөрдүн жана жарадарлардын арасында Канада, Франция, Британия, Түштүк Африка жана Нидерландынын жарандары болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG