Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

“Ал-Шабааб” Кения өкмөтүнүн маалыматын төгүндөдү


“Ал-Шабааб” исламисттик тобу Кения өкмөтүнүн чабуулга катышкандардын арасында АКШнын жана Британиянын жараны бар деген маалыматын төгүндөдү.

Топтун өкүлү "Рейтерс" маалымат агенттигине башчылар чабуул уюштургандар менен байланышта болгонун, америкалыктар жана британиялыктар тууралуу сүйлөп жаткандардын маалыматы жок экендигин билдирди.

Бүгүн эртең менен Найробидеги “Вестгейт” соода борборунда дагы бир жолу атышуу болду. Мунун алдында Кениянын Ички иштер министрлиги Твиттер аркылуу “Вестгейт” соода борборунда барымтага алынгандардын бардыгы бошотулганын кабарлаган эле.

Кениянын тышкы иштер министри Амина Мохамед Найробидеги соода борборуна жасалган чабуулга бир же эки америкалык жана бир британиялык аял катышканын билдирген.

Соода борборуна өткөн ишемби күнү “ал-Шабааб” тобу кол салып, 62 кишини өлтүргөн. 175 адам жаракат алган. Өлгөндөрдүн жана жарадарлардын арасында Канада, Франция, Британия, Түштүк Африка жана Нидерландынын жарандары болгону айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG