Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

Орусия БУУнун инспекторлору Сирияга кайтканын кабарлады


Бириккен улуттар уюмунун химиялык курал боюнча инcпекторлору Сириянын борбор шаары Дамаскка кайтканын Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков маалымдады.

- БУУнун инспекторлору Сирияга кайтыш керек деген чакырыктын аткарылганына ыраазыбыз, - деди Рябков.

14-сентябрда Женевада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядан химиялык куралдын алып чыгууну же 2014-жылдын ортосуна чейин жок кылынышын макулдашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG