Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 13:59

Орусияга жаңы авиарейстер ачылат


Кыргызстандан Орусияга жаңы авиарейстер ачылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" “Кыргызстан” авиакомпаниясынын өнүктүрүү боюнча вице-президенти Кайрат Итибаев билдирди. Анын айтымында, жакында эле Бишкектен жана Оштон Орусиянын 13 шаарына түз учуу макулдугу жетишилди. Макулдашуунун алкагында “Кыргызстан” Орусиянын Астрахан, Белгород жана Минеральные Воды шаарларына түз каттамдарды ачууну пландап жатат. Учурда Кыргызстандан Орусиянын 12 шаарына учактар түз каттап турат. (BAz/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG