Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Пакистанда жер титиреди


Пакистандын түштүк-чыгышындагы Белужистан провинциясында бүгүн күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,8 баллды түзгөн жер титирөө катталды.

Ушул мүнөттөрдөгү кабарларга караганда, зилзаладан кеминде сегиз адам өлүп, ондогон адам жаракат алган.

Зилзаланын очогу Хуздар шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашты. Ал жакта имарттар бузулганы кабарланууда, бирок аталган жерде адам аз жашайт.

Жер силкинүүнүн күчү Карачи, Хайдарабад жана Дели шаарларында да сезилди. (AIK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG