Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Обама: Иран менен дипломатиялык багыт сыналыш керек


Обама БУУнун Башкы ассамблеясында. Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2013-жыл.
Обама БУУнун Башкы ассамблеясында. Нью-Йорк, 24-сентябрь, 2013-жыл.
АКШ президенти бул тууралуу бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ирандын жаңы өкмөтүнүн “байистүүрөк багытты” кармануусу Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча макулдашууга негиз болуп бериши керек.

АКШ президенти Кошмо Штаттар Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселени тынчтык жол менен чечүүнү кааларын, бирок Ирандын өзөктүк курал жасоосуна жол бербөөнү көздөй турганына токтолду.

Барак Обама мамлекеттик катчы Жон Керриге Ирандын өзөктүк программасы боюнча талашты чечүү үчүн дипломатиялык аракеттерди улантууга көрсөтмө бергенин да кошумчалады.

Обама белгилегендей, АКШ Иран тараптан “ачык-айкын жана конкреттүү кадамдарды” күтөт.

Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясында Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани да сүйлөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG